Бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 35-40 жаштардагы адам көп убакыттан бери гашиш баңгизатын сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынды. Ага байланыштуу ыкчам-издөө иштеринин негизинде Токтогул районунун тургуну 1980-жылы туулган Э.А. кармашкан. Шектүүнүн сол чөнтөгүнөн 14 даана ширеңкенин кутусундай болгон кочкул-жашыл түстөгү гашиш чыккан.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
"Кармалган жаран мурда бир нече жолу уурдоо жана тоноо фактылары боюнча соттолгон, кылмыш дүйнөсүнүн идеясын карманат жана кылмыштуу чөйрөдөгү "Чөнтөкчүлөр" деп аталгандардын арасында статуска ээ",-деп айтылат билдирүүдө.
Шектүүгө карата Биринчи Май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин кабыл алынды.