Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары алмашты. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, Улан Усеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Анын ордуна Бекжан Супаналиев дайындалды.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.