Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Татьяна Голикова менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус көп багыттуу мамилелеринин актуалдуу темалары, анын ичинде социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы, ошондой эле миграциялык өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Эдил Байсалов өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо жана маданий тажрыйба алмашууну кеңейтүү маанилүү экендигин белгиледи.
Атап айтканда, Эдил Байсалов Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргыз жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүн ЕАЭБ стандарттарына ылайык милдеттүү медициналык камсыздандыруунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.
Ал бул маселенин оң каралышына ишенимин билдирип, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун сунушталышы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана мамлекеттер жана элдер ортосундагы достук байланыштарды тереңдетүүгө өз салымын кошуп жаткан Кыргыз жарандарынын Орусияда жүрүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшөрүн белгиледи.
Өз кезегинде Татьяна Голикова Орусия Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттарындагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого кызыкдар экендигин билдирди.