Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык "Цзицзинь" корпорациясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин, анын ичинде Чүй облусунун Кемин районундагы Талдыбулак-Левобережный кениндеги "Алтынкен" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнүн алкагында да талкуулашты.
Компаниянын өкүлдөрү "Цзынзинь" корпорациясынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти, атап айтканда, компания тоо-кен казып алууда колдонгон, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуучу, ошону менен экологиялык коопсуздукту камсыз кылган алдыңкы жана уникалдуу технологиялар жөнүндө айтып беришти.
Өкмөт башчы кыргыз тарап корпорация менен инвестициялык жана технологиялык кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле өлкөдө күчөтүлгөн колдоо чаралары жана коопсуздук кепилдиктери менен стратегиялык инвестор статусун киргизүү тууралуу айтып, "Алтынкен" тоо-кен казып алуу ишканасынын ишмердүүлүгү эки мамлекеттин кызыкчылыгына жооп берген эки тараптуу демилгелердин ийгиликтүү ишке ашырылышынын далили экенин белгиледи.
Өз кезегинде "Цзицзинь" корпорациясынын президенти Цзу Лайчан Кыргызстанда инвестициялык мыкты шарттар түзүлгөнүн белгилеп, кытайлык компаниялар Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.