Өлкө башчы Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Киото шаарында чай аземине катышты.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекет башчысына жана анын жубайына чай даярдоонун өзгөчөлүктөрү, Японияда чай ичүү каада-салттары жөнүндө кеңири айтып беришип, андан соң чай аземинин чебери даамдуу суусундук сунду.
Японияда чай ичүү - бул бүтүндөй бир искусство. Япон тилинде "чай аземи" деген сөз айкашы садо (тядо) деп айтылат, бул сөзмө-сөз "чай жолу" дегенди билдирет.