"Мага баары бир". Бишкектен унаа уурдай качкан 15 жашар өспүрүм Балыкчыдан кармалды (видео)

Бишкектен автоунаа уурдап бараткан өспүрүм Ысык-Көлдөн кармалганын Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 16-ноябрда Бишкек шаарынан кара түстөгү Тойота-Камри үлгүсүндөгү унаасын уурдатып жиберген жаран кайрылган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында, Балыкчы шаарынын “Ак-Кеме” ЭКО постунан жогоруда аталган унааны уурдап айдап качып келе жаткан 2008-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, Балыкчы ШИИБине өткөрүлүп берилген.

"Андан соң Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын опер кызматкерлери шектүүнү унаа менен бирге Бишкек шаарына алып кетишти", - деп айтылат билдирүүдө.

Видео: ЖКККБ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан