Парижде учак 30 жүргүнчүсүн аэропортко унуткан бойдон учуп кетти

Түрк аба компаниясынын учагы аэропортто 30 жүргүнчүсүн унуткан бойдон Парижден Измирге учту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Париж-Измир каттамы "Шарль де Голль" аэропортунда саат 17:00дө учушу керек болчу, бирок үч саатка кечигүү жарыяланган. Кечки саат 20:00гө чейин учуу убактысы тууралуу маалымат чыккан эмес.

Саат 20:00гө жакын жүргүнчүлөр уюлдук телефонунан каттамды карашканда учак учуп кеткени белгилүү болгон. Жүргүнчүлөр авиакомпаниядан түшүндүрмө алуу аракетинен эч майнап чыкпай, алар кийинки каттамды күтүүгө аргасыз болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан