Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушунда баштыкка оролуп, кутуга салынган абалда табылган ымыркай жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Жардам көрсөтүлдү, бирок жандандыруу бөлүмүндө жатат. Аны №2 төрөткананын дарыгерлери көзөмөлдөп жатышат", - деп билдиришти министрликтен.
Кечээ, 19-ноябрда Бишкектеги Арча-Бешик конушунда дагы бир ымыркай ташталды. Бул бир эле айда Бишкекте болгон экинчи учур. Буга чейин дагы жаңы төрөлгөн ымыркайды апасы таштандыга ыргыткан. Кийинчерээк милиция аны кармаган.