Өткөн суткада өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылып, куткаруу кызматы тарабынан бир чыгуу болду.
Тилсиз жоо катталган аймактар:
Бишкек шаарында - 3;
Ош облусунда - 4;
Жалал-Абад облусунда - 4;
Ысык-Көл облусунда - 1;
Талас облусунда - 1.