Ошто кылмыштуу чөйрөдө "Профессор" каймана аты бар жаран кармалды

Ошто жарандан ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Ушул жылдын сентябрь айынын ортосунда Ош облусунун Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургунунун үйүнө бейтааныш адамдар Мерседес-Бен” үлгүсүндөгү унаа менен келишип, күч колдонуп унаага отургузушуп, адамдар жок жерге алып келишкен. Ал жерден карыз экендигин айтышып, аны төлөбөсө үйүн каттатып берүүнү опузалап талап кылышкан.

Жабырлануучу өзүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуу жагдай жаралганын сезип, опузалап талап кылган 220 миң сом акчасын берүүгө макул болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш ишине шектүү катары Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 1978-жылы туулган Ж.А., Ош шаарынын тургуну 1986-жылы туулган А.уулу С. аттуу жарандар кармалышты.

"Алар мурда бир нече жолу соттолушкан жана кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн арасында кадыр-баркка ээ. Алардын бирөөсүнүн “профессор” каймана аты бар жана криминалдык төбөлдүн түштүктөгү оң колу (кеңешчиси) болгон. Кармалган жарандар Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайын киргизилишти. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүүдө", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан