Бишкек шаарындагы Свердлов районунда "Обжорка" деп аталган тез татым тамактануучу жай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, окуя кечээ, 19-ноябрда күндүзү катталып, кырсыктын кесепетинен жаракат алгандар болгон эмес. Жеринде 2 күчүрмөн эсеп иштеп, өрт толук өчүрүлгөн.
"Аталган тез татым жай Ауэзов көчөсү №4/4 дарегинде жайгашып, жалпы аянты 18 чарчы метрди түзгөн"- деп кошумчалашты ӨКМдан.
Учурда атайын кызматкерлер тарабынан өрттүн себептери такталууда.