Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 16-ноябрдан 15-декабрга чейин “Жүргүнчү ташуу” аталышында рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкекте кайгуул кызматкерлери жүргүнчү ташуу менен алектенген коомдук транспорт жана такси кызматынын айдоочулары арасында жол кырсыктарын алдын алуу, жарандарга сервистик кызмат көргөзүү, унаанын техникалык абалы, кышкы мезгилдик дөнгөлөктөрүн которуу, кошумча жабыктарды орнотуу, жол эрежесин өздөштүрүү багытында рейддик иш-чара өткөрүшүүдө.
Ага ылайык, автобекеттерде облустарга каттаган жана маршруттук каттамдардын акыркы аялдамаларында айдоочулары менен унааларынын техникалык абалына, иштөө режимдерине жана жол кыймылынын эрежелери боюнча билимин текшерип үгүт-насаат иштерин жүргүзүлүүдө.
"Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери, жолдо жалгыз эле айдоочунун коопсуздугу эмес, айдоочунун жүрүм-турумунан айланасындагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды экендигин жана жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай, коопсуздукка терең көңүл буруу зарыл экендигин эскертишүүдө", - деп айтылат маалыматта.