"Мен элибиз жакшы жашасын деп анын жүгүн жеңилдетүү үчүн абдан чоң максаттар жана так пландар менен быйыл Сурхандарыяга үчүнчү жолу келдим", - деген Мирзиёев.
Анын ичинде 2024-жылы ишке кирише турган Байсун газ-химиялык комплекси бар. Ал жерде жылына 5 миллиард кубометр газ тазалоо, жаратылыш газын жана күкүрттү өндүрүү пландалууда. Мындан тышкары өзбек бийлиги геологиялык чалгындоолорду кеңейтип, дагы 100 миллиард кубометрге жаңы газ запастарын ачып, 2-3 жыл аралыгында мунай көз карандысыздыгына толугу менен жетүүгө ниеттенүүдө.
"Ушул тапта бул комплексте 7 миң киши иштейт. Мирзиёевдин тапшырмасы менен комплексте кооперация түзүлүп, коңшу райондордун жашоочулары үчүн 2 миңден кем эмес жогорку кирешелүү жумуш орундары түзүлөт",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2024-жылы Казакстандын аймагы аркылуу Орусиядан Өзбекстанга мунай ташууну 1 миллион тоннага чейин көбөйтүү пландалууда. Бул ушул жылга салыштырмалуу үч эсеге көп.