"5-6 унаа менен алдын тороп...". Түптө милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөндөр кармалды (видео)

Түп районунда браконьерлик боюнча рейд учурунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн тургундар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Ысык-Көл ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрда Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын алкагында Түп айылынын жанындагы көл жээгинде мыйзамсыз балык уулоо учурунда жергиликтүү эки тургун кармалган.

Алардан далил зат катары 2 үйлөтмө кайык жана 7 даана балык уулоочу торлор алынган, ошондой эле окуя болгон жерге Түп РИИБдин тергөө-ыкчам тобу чакырылган.

Тергөө-ыкчам тобу окуя орун алган жерге баратканда алардын жолун 5-6 унаа менен тороп, унаалардан чыккан 10дон ашык жаран милиция кызматкерлерине өздөрүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кыла башташкан. Милиция кызматкерлери мыйзамсыз аракеттерди токтотууну талап кылганына карабай, алар баш ийбей, оозго алгыс сөздөр менен милиция кызматкерлерин сөгүп, каршылык көрсөткөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө аталган окуянын катышуучулары аныкталып, тергөө кызматына алынып келинген.

Алар Түп айылынын тургундары 22 жаштагы Б.Д., 25 жаштагы К.К., 31 жаштагы Т. Н., Ж.Т., Б.Т., 39 жаштагы А.Д., 36 жаштагы И.Р., 29 жаштагы А.У., 36 жаштагы К.М., 35 жаштагы К.Р., 27 жаштагы К.С. жана 30 жаштагы К.Н. болуп чыгышты.

Алардын жетөөсү сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда кармалган төрт жарандын үйүнөн 28 балык уулоочу торлор, 37 ар кандай түрдөгү балыктар жана 1 үйлөтмө кайык табылып, далил зат катары алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан