Билдирүүгө ылайык, УКМК ага кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) жана 224-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-бөлүгүндө (Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылганын билдирди.
"Ильшат Салимов Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген. Улуттук коопсуздук органдары тарабынан Салимов издөөгө алынды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ильшат Салимов криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен өзүнүн өнөктөштөрүн ар кандай бизнес-долбоорлордогу үлүшүнөн мыйзамсыз ажыратып, андан кийин анын кирешесинен жер тилкелерин сатып алып, үлүштүк катышууга жамынып, Көлбаедин уюшкан кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылган. Мындан тышкары, Ильшат Салимовдун курулуш компанияларында үлүшү бар, тактап айтканда, Бишкек шаарында жалпы аянты 3 гектардан ашык кымбат баалуу жер тилкелери бар, ал жерде курулуш компаниялары премиум класстагы көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатышат. Ошондой эле, курулуп жаткан үйлөрдө жалпы баасы болжол менен 12 миллион доллар түзгөн 110дөн ашык батирлери (11 миң м2) бар", - деп билдиришти УКМКдан.
УКМК ошондой эле Салимовдордун үй-бүлөсү Камчы Көлбаевдин камкордугунан активдүү колдонушканын кошумчалады.
"Анын колдоосу менен курулуш жаатында бардык объектилери ишке ашырылган. Ошондой эле, 1995-жылы “Мадина” ЖЧКсы (ээси Т.Салимов) мурдагы №155 бала бакчанын (Чыгыш-5 кичирайону, №18/1, азыркы “Прадо” эс алуу жайы, болжолдуу баасы 5 млн долларды түзөт) имаратын “Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКнан мектепке чейинки билим берүү мекемелерин менчиктештирүү боюнча мыйзамдарды бузуу менен менчикке алган,) ишке ашырылган. Андан соң Турсунтай Салимов менен Ильшат Салимов мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мыйзамдаштыруу максатын көздөп, курулуш компаниялардын бири менен премиум классындагы көп кабаттуу турак жайды куруу боюнча келишим түзүшкөн. Көп кабаттуу үйдү курууну баштоонун шарттарынын бири катары курулуш компаниясы турак жайдын курулушун бүткөрүүнүн кепилдиги катары кымбат батирди (баасы 500 миң доллар) бериши шарт болгон. Андан кийин, мурдагы бала бакчанын аймагына турак жай курууга уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан, келишим бузулган. Бирок, Ильшат Салимов берилген батирди кайтарып берүүдөн баш тартып, Камчы Көлбаев менен биргеликте ишкерлерге кысым көрсөтүү жолу менен башка адамдардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кийинчерээк бул батирди Көлбаев Чолпон-Ата шаарында жайгашкан мурдагы “Зодиак” казиносунун ордуна соода борборун куруу максатында жер тилкеге алмаштырып алган", - деп кошумчалашты УКМКдан.
Мындан тышкары, уюштуруучулардын бири Ильшат Салимов болгон “Т.S. Group” ЖЧКсы “Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКдан болжолдуу баасы 11,5 млн долларга жакын жалпы аянты 4,5 га кампа жайларын мыйзамсыз чыгарып алган. Бул фактылар менен катар Көлбаевдин жана анын кылмыштуу тобунун мыйзамсыз иштерине Салимовдордун үй-бүлөсүнүн катыштыгы бар экендиги боюнча төгүндөлгүс далилдер алынган. Тактап айтканда, Ильшат Салимовдун Чолпон-Ата шаарындагы “Каганат” эс алуу борборунда Көлбаевдин коттеджинин жанында жайгашкан 600 миң долларлык коттеджи бар, ошондой эле курулуп жаткан “Каганат Резорт” эс алуу борборунда 700 миң долларлык дагы бир коттеджи бар экени аныкталган.