Коомдук жайларда тамеки тартуу үчүн айып пулду көбөйтүү сунушталды

Бүгүн, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында коомдук жайларда тамеки тартуу үчүн айып пулду көбөйтүү сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Ага ылайык, 16 жашка чыга элек балдарга тамеки саткан жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга - 17 миң сом айып пул салуу сунушталууда. Ошондой эле белгиленбеген жерлерде чылым чеккендерге да айып пулдун өлчөмү көбөйтүлөт.

Мыйзам долбоору депутаттар Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев, Акылбек Түмөнбаев тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутат Сатыбалдиев коомдук жайларда мыйзамдын талаптарын бузуп тамеки тарткандар көбөйгөнүн белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан