"Jack Daniels, Calvados". Бишкек менен Чүйдө контрафакттык алкоголдорду чыгарган жашыруун цехтер аныкталды (фото)

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгарган жашыруун цехтер аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында өндүрүштүк масштабдагы алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү, сактоо жана сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Береке универсал» соода борборунда күмөндүү акциздик маркалары бар даяр алкоголдук продукциянын ири партиясы табылган.

Тагыраагы - 12159 даана өлчөмүндө алкоголдук продукция;

4676 даана күмөндүү акциздик маркалар;

- 474,5 литр спирт;

- 7000ден ашык энбелгилер;

- 889 литр (самагон) алкоголдук продукция;

- 3 даана алкоголдук ичимдиктерди даярдоочу аппарат.

Учурда кылмыш ишин козгоо үчүн маанилүү болгон иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан