Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Астрахань облусунда баңгизатын тараткан деп шектелген чет элдик жарандардын тобун кармашты. Бул тууралуу "Интерфакс" басылмасы министрликтин расмий өкүлү Ирина Волкко шилтеме берип жазды.
"Полиция Астрахань облусунда синтетикалык баңгизаттардын партиясын тараткан деп шектелген чет элдиктердин тобун кармады. Алардын арасында Кыргызстан үч, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары бар. Алар Ставрополь крайында полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Астраханга жеткирилди", - деген Волк.
Ошондой эле Орусиянын ИИМ өкүлү Астрахандын 20 тургуну буга чейин белгисиз заттан ууланып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн кошумчалаган. Кийинчерээк алар синтетикалык баңгизатын колдонушканы белгилүү болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.