Ошто каракчылыкка шектелип кармалгандардын активдүү мүчөлөрү тарабынан Ноокат районунда 2022-жылы адам өлтүрүү фактысы болгондугу аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Ушул жылдын 9-ноябрь күнү Ош шаарынын аймагында куралдуу каракчылык жана терроризмге көмөктөшүүгө шектүү катары 11 адам кармалып, алардын ичинен 9 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 9-ноябрга чейин дагы бул топко тиешелүү 17 адам кармалган. Ушул кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болгон 1980-жылы туулган Н.Д. жана 1990-жылы туулган Б.Д. Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Б.А. аттуу жаранды өлтүрүшкөндүгү аныкталды.
Тактап айтканда, 2022-жылдын август айында аталган жарандар Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Б.А.ны Ош шаарынын Черемушка кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан жолугушуп, сүйлөшүп келүү үчүн өздөрүнүн унаасына отургузушуп, Арал айылына алып барып муунтуп өлтүрүшүп, электр мамычасынын жанына көмүп коюшкандыгын билдирген.
Айыпкер көрсөтмөсүнүн негизинде, 18-ноябрда жогоруда көрсөтүлгөн Арал айылынын батыш тарабындагы адыр талаасынан А.Б.нын көмүлгөн жансыз денеси табылган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Айыпкер 1980-жылы туулган Н.Д.нын берген көрсөтмөсүнө караганда каза болгон А.Б.ны буга чейин булардын кылмыштуу тобунда болуп, кийин өз алдынча бул кылмыштуу топтон чыгып кеткени жана кылмыштуу топ тууралуу маанилүү маалыматтарды билгени үчүн жазалашкан.
Алгачкы тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, каза болгон А.Б.нын жансыз денеси Ош облустук ооруканасынын мейитканасына жеткирилип, сырттан кароо жүргүзүлгөн жана анын туугандарынын катышуусунда өлүктү таанытуу тергөө амалы жүргүзүлгөн.
Учурда кылмыш ишинин алкагында тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуянын толук жагдайларын жана башка катышуучуларын аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө, айыпкер Н.Д.нын берген көрсөтмөлөрү текшерилүүдө.