Төлөгөн Тегин Семетей Москвада өткөн шахмат боюнча Эл аралык чемпиондор лигасынын А тайпасында биринчи орунду алгандыгын Шахмат федерациясы Instagram социалдык тармагында кабарлады.
Маалыматка ылайык, турнир ушул жылдын 11-ноябрынан 19-ноябрына чейин Москва шаарында болуп, Орусия, Казакстан, Армения, Кыргызстандан 10 спортчу катышты.
Кыргыз спортчусу 10 турдун жыйынтыгы боюнча 6,5 упай топтоп, биринчи орунду камсыздады.