Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Авазбек Аманбеков дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 60 килограмм салмак даражасында күч сынашты.
Маалым болгондой, мелдеш 17-20-ноябрь күндөрү АКШнын Форт-Уэрт шаарында өткөн.