Азербайжандын президенти Францияны Арменияны куралдандырып жатат деп айыптады

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Франциянын бийлигин Арменияны куралдандыруу менен Кавказда жаңы согушту тутандырып жатат деп айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Алиев кечээ, 21-ноябрь Бакуда өткөн эл аралык конференцияда: "Франция милитаристтик саясат жүргүзүп, Арменияны куралдандырып, Армениядагы реваншисттик күчтөрдү кубаттоодо жана биздин аймакта жаңы согуштарды тутандырууга негиз салууда", - деген.

Азербайжандын мамлекет башчысы Франциядан “башка мамлекеттерди окутуу практикасын токтотууну” талап кылды.

Баку менен Ереван 30 жылдан ашуун убакыттан бери этникалык армяндар жашаган Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагы боюнча аймактык кагылышууда. Сентябрь айында Баку Тоолуу Карабахты ыкчам аскердик операциянын натыйжасында өз көзөмөлүнө алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан