Түп районунда изделип жаткан 78 жаштагы карыянын сөөгү Түп суусунан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-ноябрда саат 16:20 чамасында ӨКМнын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын адиси жана Түп районундагы куткаруучулар дрон аппаратынын жардамы менен Түп суусунан адамдын сөөгүн табышты.
Эске салсак, 17-ноябрда 78 жаштагы тургун үйүнөн чыгып кетип кайра кайтып келбегендиктен, анын жакындары 19-ноябрда ӨКМнын Түп райондук бөлүмүнө кайрылышкан.