Бишкек-Ош жолунда DAF унаасы оодарылып, Кара-Балта суусуна 20 тонна бензин төгүлдү (фото)

Кечээ, 21-ноябрда Бишкек — Ош унаа жолунун 113-чакырымында DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа жолдун четиндеги тосмону сүзүп оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы З.Д. аттуу айдоочу жабыркап "Тез жардам" кызматы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми кулаган цистернадан 20 тонна бензин төгүлүп, Кара-Балта суусуна куйган.
Ошондой эле СЭС кызматынын 2 адиси Кара-Балта суусунун Талды-Булак жана Сосновка айыл аймагынын айылдарынын ичүүчү таза суу сактагычын убактылуу жабышкан. Себеби, жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн суунун курамын текшерүүгө экспертизага алып кетишкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан