Өлкө аймагында сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кабарлангандай, өрттү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.
"Ош облусунда 5, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Өрттүн себеби такталууда.