"ХАМАС" кыймылы Израиль менен Газа тилкесинде бардык согуштук аракеттерди токтотуу жана барымтадагылары бошотуу менен төрт күндүк келишим түзүштү. Бул тууралуу "ХАМАС" кыймылынын Telegram каналына таянып, РИА Новости жазды.
Мааламатка караганда, "ХАМАС" кыймылы 50 аял жана 19 жашка чейинки балдарды бошотуп, Израиль тараптагы 150 аял жана 19 жашка чейинки балдарга алмашат.
Андан тышкары макулдашууга ылайык, жүздөгөн жүк ташуучу унаалар гуманитардык, медициналык жардамын эч бир тоскоолдуксуз Газа секторуна жеткиришет.
Мындай макулдашуу Катар менен Египеттин колдоосу аркасында жетишилген.