Түндүк Кореянын футболчусу Хан Кванг Сон кайрадан оюнга чыга баштады. Бул тууралуу орусиялык "Матч ТВ" телеканалы билдирди.
Футболчу алты жыл мурун укмуштуудай ийгилик жаратып, Италиянын алдыңкы кулубдарында "Кальяри", "Перуджа", "Ювентус" сыяктуу топ командаларда оюн алып барган. Кийин 25 жаштагы чабуулчу белгисиз мөөнөткө чейин жок болуп кеткен.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын жарандарына Европада иштөөгө тыюу салган. Ошондон кийин Хан Кван Сон Катарга келип, "Аль-Духайлда" ойноп, чемпион болгон.
2020-жылы пандемиядан улам футболчу мекенине депортацияланган. Түндүк Корея чек арасын жаап, Хван Кванг Сонгдун карьерасы тууралуу эч кандай маалымат болгон эмес. Кечээ, 21-ноябрда Мьянма менен болгон беттеште талаага чыгып, гол киргизип, ал ойногон команда 6:1 эсебинде жеңишке жетишти.