Элдин ишенимине кирип акча алган жаран колго түшүрүлдү
Элдин ишенимине кирип акча алган жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 10-декабрь күнү Ленин райондук милиция кызматкерлерине 35 жаштагы жаран белгисиз бирөө ишенимге кирип, ушул жылдын 19-октябрь күнү 2000 доллар акчасын алып, кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Тиешелүү чаралар көрүлгөн соң Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну Б.А. кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.