Индияда 38 тиши бар аял дүйнөлүк рекордду койду

Индияда дарыгерлер индиянын жашоочусу Калпана Баландын 38 тиши бар экендигин аныкташкан. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, негизи чоң адамдарда 32 тиш болот. Индиялык тургунда болсо бул 6 тишке көп. Анын астыңкы жаагында 20, үстүңкү жаагында 18 тиши бар. Айтымында, үстүңкү тиштери өспүрүм кезинде өсүп баштаган. Оорутпайт, бирок, ыңгайсыздык жаратат. Анткени арасына тамактардын калдыгы тыгылып калат.

“Ата-энем ашыкча тиштердин чыгып жатканын көргөндө нес абалда болушкан. Ошондо аларды жулдуруп коюну чечкенбиз. Бирок тиш доктур алар толугу менен өскөнчө күтүп туруш керектигин айткан. Аткени ал учурда алар жаңыдан пайда болуп баштагандыктан алып салуу мүмкүн эмес эле”, - деди ал.

Ага ылайык, кыз тиштерин алдырып салуу процедурасынан коркуп, сактап калууну чечкен. Гиннестин рекорддор китебинен сертификат алгандан кийин, ал өзүнүн чечимине ыраазы болгон.

"Калпана Балан аялдар арасында тиштеринин санынын көптүгү боюнча дүйнөлүк рекорд койду. Келечекте анын дагы эки тиши болгондуктан жетишкендигин жаңылоо мүмкүнчүлүгү бар",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эркектер арасындагы рекорд Эвано Меллонеге таандык, анын 41 тиши бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан