Казакстандын Астана шаарында парламенттин мурдагы депутаты Нуржан Алтаев 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат кызматтары билдирди.
Маалыматка ылайык, сот Нуржан Алтаевге өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салды. Прокурор ага 12 жыл сураган.
Тергөөнүн версиясына ылайык, ал "Атамекен" ишкерлер палатасын өз коргоосуна алып, мамлекеттик буюртмаларды алып туруусуна жардам берген. Ал эми палатанын төрагасы Аблай Мырзахметов, 2003-жылы мамлекеттик мүлктү кымырып алганы үчүн беш жылга шарттуу кесилген.
Саясатчы ири өлчөмдө пара алганы үчүн айыптуу деп табылды. Ал өзү айыптарды четке кагып келген. Күнөөсүз экенин айткан Алтаев кылмыш ишти жана өкүмдү саясий буюртма деп сыпаттады.
"Мен бийликти сындаганым үчүн алар мени отургузууну чечти", - деген экс-депутат.
45 жаштагы Нуржан Алтаев бийликтеги "Нур-Отан" (кийин "Аманат" деп аталышы өзгөртүлгөн) партиясынан депутат болгон. Кийин белгилүү себептерден улам "Нур-Отандын" катарынан чыгарылган жана депутаттык мандатынан ажыратылган.