Жаш манасчылардын эл аралык сынагы жыйынтыкталды (сүрөт)

Кара-Көл шаарында өткөн жаш манасчылардын эл аралык сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда "Манас" театрынан маалымдашты.
Маалыматка караганда, иш-чара залкар манасчы Жаңыбай Кожек уулунун 155 жылдыгына карата жана белгилүү манасчы Салимбай Турсунбаевдин жаркын элесине арналып уюштурулган.
ынак эки турдан туруп, 5-ноябрдагы 1-баскычында өлкө боюнча 30 жашка чейинки айтуучулардан 10 манасчы тандалган. Буга кошумча өзбекстандык кыргыздардан 3 манасчы, Түркиядан 1 манасчы катышып өз күчтөрүн сынап көрүштү.
Анда билет тартып, эпостун кайсы жеринен туш келсе айтыш керек болгон финалдык турга 10 манасчы талапка жооп берип жыйынтыгында манасчы Нурбек Калыбек уулу 1-орунду ээлеп, 500 миң сом алды. Ал эми Бексултан Имашов 2-орун менен 400 миң сом утуп алса, Төлөбек Муса уулу 3-орун алып, 300 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле сынакка боордош Түркиядан келген Осмон Шахин менен Бишкектен Кенжегүл Рысбек кызы, Салимбай Турсунбаев атындагы (40 миң сомдон) атайын сыйлык, Өзбекстандан келген Мусабек Улукбек уулу атайын байге (40 миң сом) алышты. Ал эми калган катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар берилди.
Эске салсак, самаалыкты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Манас” театры, Кара-Көл шаарынын мэриясынын өнөктөштүгү менен биргеликте уюштурулган. Жалпы байге фонду 1,5 миллион сомду түздү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан