Ошто уюшкан кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү кармалды

Опузалап акча талап кылууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ичи иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматкерлери Ноокат районунун жашоочусунан 500 миң сом акча каражатын опузалап талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.К. аттуу жаранды кармашты.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Ага ылайык, Ош шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин КИББдин Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жаран И.К.ны 166 миң сомду алган жеринен кармашкан.
Кармалган жаран ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.
Учурда шектүү Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан