"Ва-банк" тасмасындагы Мин Су Ён эсиңиздеби? Кореялык актриса Сон Хе Гё тууралуу фактылар

Бүгүн, 22-ноябрда Түштүк Кореянын белгилүү актрисасы жана модели Сон Хе Гёнун туулган күнү. Ал актриса катары калың элге “Жүрөгүмдө күз” (2000), “Ва Банк” (2002), “Жылуу уя”(2004) тасмалары аркылуу таанылып, учурда аталган өлкөнүн атактуу жылдыздарынын катарын толуктайт.

“Шайыр кыз болгон”

Актриса Сон Хе Гё 1981-жылы 22-ноябрда Түштүк Кореянын Тэгу шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал ара төрөлүп, ата-энеси жана дарыгерлер анын жашап кетет деп ойлошкон эмес. Ошондуктан анын туулган күнү 1982-жылдын 26-февралына катталган. Кийинчерээк, актриса оорусунан толугу менен айыкканда, анын туулган күнү нак төрөлгөн күнүндө (1981-жыл 22-ноябрь) белгиленип келет.

Ата-энеси эрте эле эки ажырым жолго түшкөндүктөн аны апасы жалгыз тарбиялап, өстүргөн. Кийин алар Тэгу шаарына караштуу Каннам районунан Сеул шаарына көчүп келип, кыздар гана окуган орто мектепте билим алган. Ал кезде актриса өзүн уялчаак жана түнт кызмын деп эсептеген. Бирок аны мектептеги мугалими “Сон ар дайым жакшы маанайда жүргөн, ачык, шайыр жана мамилечил окуучулардын бири” - деп сүрөттөгөн. Орто мектепти аяктаган соң ал Седжон университетине тапшырып, киноискусство тармагында билимин жогорулаткан.

“Атактуулукка алып келген алгачкы жылдары”

Сон 1996-жылы орто мектепте окуп жүргөн мезгилинде “SunKyung Smart Model” сынагынан биринчи орунду багындырып, мектеп формасын чыгарган компаниянын үлгүсү катары дебют жасаган. Мындан улам ал “Биринчи сүйүү” телесериалында алгачкы жолу кыскача роль жараткан жана андан соң тасмаларга түшүүнү уланткан. Бирок ага атактуулуктуу 2000-жылы актёр Вон Бин менен бирге “Жүрөгүмдө күз” тасмасында башкы каармандын ролу алып келип, Кореяга жана баардык Азияга таанылган.

Модель катары да белгилүү актриса 2005-жылы “Менин сүйлөшкөн кызым жана мен” аттуу тасмасы аркылуу чоң экранга чыккан. Анда ал көрүүчүлөр менен сынчылар тарабынан жогору бааланган. Бирок “Мен өзүмдүн аткарган ролдоруман тажадым. Ачыгын айтканда “Ва-банк” тасмасындагы Мин Су Ёндун ролун аткарганга чейин дээрлик окшош каарманда ойногом. Көрүүчүлөрдү айтпай эле коёюн, себеби өзүмө кызыксыз болуп кетти”, – деп нааразы болгон актриса.

Кийинки жылдары ал ар кандай ролдорду ойной ала тургандыгын далилдеп, көпчүлүк көрүүчүлөргө белгилүү болгон “Күн урпактары”, “Жигит”, “Эми биз ажырашабыз” жана башка 20дан ашуун сериалдарга тартылган. Акыркы жолу 2022-жылы “Даңк” тасмасында баш каармандын ролун жараткан.

“Жеке жашоосу”

Сон Хе Гё 2017-жылы “Күн урпактары” телесериалындагы бирге тартылган кесиптеши Сон Жунги менен баш кошкон. Алардын үлпөт тоюна туугандары жана жакын достору гана күбө болгон. Тилекке каршы, алардын үй бүлөлүк жашоосу узакка барган эмес. 2019-жылы актрисанын жолдошу, актёр Сон Жунги алар официалдуу түрдө ажырашканын билдирген. Актриса учурда бойдок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан