Орусияда эки поезд бетме-бет сүзүштү (видео)

Орусиянын Ульяновск районуна жакын жердеги Куйбышев темир жолунун 962-чакырымында жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд менен тепловоз бетме-бет сүзүштү. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Кырсыктын кесепетинен ондогон жүргүнчүлөр жабыркаган. Жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд Адлерге бара жаткан, ал кагышкан тепловоз станцияда турган. Орус темир жолдорунун басма сөз кызматы айдоочу шашылыш түрдө тормозду басып, бирок кагылышууну алдын алуу мүмкүн болбогонун билдирди.

Жүргүнчүлөрдү ташыган поездде 396 адам, анын ичинде 94 бала болгон. Кырсыктан улам поезд 1 саат 21 мүнөткө кармалып турган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жолду көрсөтүүчү система иштебей калгандыгына байланыштуу бул кырсык болгон.

Орусияда эки поезд бетме-бет сүзүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан