Орусиядагы эң коркунучтуу маньяк дагы 50 киши өлтүрүүгө шектелүүдө

"Ангар маньягы" каймана аты менен белгилүү болгон мурдагы полиция кызматкери Михаил Попков дагы 50 кишини өлтүрүүгө шектелип, бул боюнча текшерүү башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Попков бул кылмыштардын баарын Владивостоктон Улан-Удэге чейин жасаган болушу мүмкүн.

Михаил Попков буга чейин 83 киши өлтүрүү боюнча эки жолу өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал жазасын өзгөчө режимдеги колонияда өтөп жатат. Жакында Иркутскидеги сот аны дагы бир иш боюнча он жылга эркинен ажыраткан.

Михаил Попков биринчи киши өлтүрүүнү 1992-жылы жасаган. Ал аялы көзүнө чөп салып, таштап кеткенден кийин киши өлтүрүүнү баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан