Коңшу Казакстандын белгилүү ырчылары Ерке Есмахан менен Raim балалуу болушту. Жакшы кабары менен Raim өзү бөлүштү.
"Кош келдиң, уулум", - деп жазды ырчы Raim социалдык тармактагы баракчасына.
Эске салсак, ырчы Ерке Есмахан менен рэп аткаруучу Raim ушул жылдын 20-январында үйлөнүшкөн. Ырчы айым жолдошунан 12 жаш улуу болгондуктан коомчулук алардын бул кадамын сынга алышкан.