UFC: Мыктыбек Оролбай уулу Рафаэль Физиев менен беттешүүгө даяр экенин айтты

UFC уюмунда дебюттук беттешин өткөрүп, жеңишке жеткен кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу жеңишинен кийин Валентина Шевченко чалып куттуктаганын айтты.

"Валентина Шевченко мага беттешке чейин жана жеңишимден кийин дагы чалып куттуктады. Рафаэль Физиев менен сүйлөшкөн жокмун. Мен Физиев менен кездешүүгө даярмын", - деди Оролбай уулу Чикагодо өткөн кыргызстандыктар менен жолугушууда.

19-ноябрга караган түнү Лас-Вегаста өткөн UFC уюмунун турниринде сербиялык Урош Медич менен беттешкен. Кармаштын экинчи раундунда Оролбай уулу атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Белгилей кетсек, мушкер 15-ноябрда UFC уюму менен келишим түзгөнүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан