Чүйдө 23 жаштагы жаран жездесинин башын балка менен жара чапканга шектелүүдө

Чүй облусунун Москва районунда ден соолукка залал келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 25-октябрында кайни-жезде ортосунда чыр чыгып, кайниси жездесинин башына балка менен чапкан. Анын кесепетинен жабырлануучу оор жаракат алган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ( ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, Москва РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары С.А. кармалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан