"Школ, доход, крыша". Нурланбек Шакиев Акылбек Жапаровду кыргызча так сүйлөөгө чакырды (видео)

Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду кыргызча так сүйлөөгө аракет кылууга чакырды.

"Мамлекеттик тил боюнча мыйзамды кабыл алганбыз. Сиз сөзүңүздө школ, доход, крыша, стена, садик деген сөздөрдү азыраак колдонуп, так кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылсаңыз. Кыргыз тили кордолуп кетип жатат, сиз кыргыз тилин жакшы билесиз, үлгү болсоңуз", - деди Шакиев.

Нурланбек Шакиев Акылбек Жапаровду кыргызча так сүйлөөгө чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан