"Алмаштырасың". Эки жыл мурда жарандын BMW X6 унаасын алдоо жолу менен алган жаран кармалды

Ички иштер министрлиги ири алдамчылыкка шектүү адам кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин борбор калаанын тургуну Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран 2021-жылы анын ишенимине кирүү менен пайда табасың деп, унаа алмаштырууну сунуштаган. Ал баасы 18000 доллар турган BMW X6 үлгүсүндөгү унааны алгандан кийин башка адамдарга сатып жиберген. Айткан убадаларына ишенип, жабырлануучу дагы эки жыл күтүп, андан кийин гана укук коргоо органдарына кайрылган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголду.
Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүлүп, натыйжада алдамчылык аракеттерине тиешеси бар деген шек менен мурда бир нече жолу соттолгон С.В. аттуу жаран кармалган.
Кармалган жаранга сот тарабынан бөгөт коюу чарасы каралып, №1 тергөө абагына камакка алуу түрү тандалды. Унаа айып короо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан