Ирландиянын борбору Дублинде белгисиз адам тарабынан мектеп окуучуларына кол салуу болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 50 жаштагы киши мектептин айланасынан төрт окуучуну бычактаган. Жабыркагандардын үчөөсү 7 жашка чейинки бала жана бирөө беш жаштагы кыз болгон. Кичинекей кыз учурда ооруканада. Дарыгерлер анын абалы оор экендигин айтышкан. Ал эми 2 бала да бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылды.
Ошондой эле кылмышкерди токтотууга аракет кылган 30 жаштагы аял да жабыркаган. Ал өтүп бара жаткандарды жардамга чакырууга үлгүргөн. Алар кылмышкерди жерге жыгып, полиция кызматкерлери келгенге чейин кармап турушкан.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салган адам чет өлкөдө төрөлүп, бирок аталган шаарда көп жылдан бери жашаган Ирландиянын жараны. Учурда анын окуучуларга кол салганынын себептерин тактоо иштери жүрүүдө. Полиция кылмышкер психикалык жактан жабыркаган болушу мүмкүн деп болжолдоодо.
"Бул кол салуудан кийин Ирландиянын аталган борборунун жашоочулары нааразычылык акциясына чыгышты. Жыйынтыгында митинг тополоңго айланган. Мындан улам Дублиндин негизги көчөлөрүнүн жолдорун толук жабууга туура келди", - деп айтылат билдирүүдө.