Бүгүн, 24-ноябрда түркиялык белгилүү актриса Ханде Эрчел өздүк майрамын белгилеп жатат. Аны утурлай SUPER.KG порталы актриса тууралуу кызыктуу маалыматтарды топтоону туура көрдү.
БАЛАЛЫГЫ
Ханде Эрчел 1993-жылдын дал ушул күнү Түркиянын Бандырма шаарында төрөлгөн. Ал бала кезинен тартып эле мектептеги ар кандай сынактарга катышып, андагы спектаклдерде башкы ролдорду жараткан. Ханденин Гамзе аттуу бир тууган сиңдиси бар. Анын ата-энеси жөнөкөй адамдар болушкан. Атасы соода тармагында иштесе, апасы үй кожойкеси болгон. Мектепти аяктагандан кийин болочоктогу актриса Түркияда жайгашкан Көркөм-сүрөт искусство университетине тапшырган.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КАДАМ
Актрисаны "Боз торгой" сериалынан кийин тааный башташкан. Анда Ханде эпизоддук каарман Захиденин ролун аткарган. Ага популярдуулук алып келген долбоор "Гүнештин кыздары" сериалы болгон. Анда жаш актриса Гүнеш айымдын кичүү кызы Селиндин ролун аткарган. Дал ушул ролдон кийин ага "Сүйүү сөзгө түшүнбөйт" тасмасында башкы ролду аткаруу сунушталган. 2016-жылы тартылган сериалда Ханде белгилүү актёр Бурак Деңиз менен чогуу тартылган фильмдин арты менен ал болуп көрбөгөндөй атактуулукка жеткен.
Актрисанын өмүр баяны кино менен гана байланыштуу эмес. Эрчел "Түркия сулуусу" наамын жеңгенден кийин 2012-жылы Азербайжанда өткөн "Дүйнө сулуусу" сынагына катышкан. Анда 2-орунду багынткан. Бул Ханденин карьерасынын баштапкы этабы болгон. Дал ушул сынактан кийин аны журналдардын жүзү болууга жана тасмаларга кастингге чакырып башташкан.
АТАКТУУЛУК
"Сүйүү сөзгө түшүнбөйт" тасмасынан кийин 2017-жылы актриса режиссёр Эрол Озлеви тарткан "Кара бермет" сериалы менен уланган. 2019-жылы болсо "Шакек" жана "Азизе" сериалдарында роль жараткан. Дал ушул жылы Top Beauty World сайты жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында актриса "Дүйнөнүн эң сулуу айымы" деп табылган. Мындай жыйынтык дүйнөнүн булуң-бурчундагы интернет колдонуучуларынын добушунун негизинде аныкталган. Анда Ханде Эрчел Селена Гомес, Приянка Чопра, Эмилия Кларк сыяктуу атактуу сулуу айымдарды артта калтырган.
Ал эми 2020-жылы Керем Бүрсин менен чогуу тартылган "Менин эшигимди черт" сериалы эң популярдуу тасмалардын катарына кирген.
2016-жылы Эрчел престиждүү L’Oréal Paris косметикалык брендинин жүзү болгон. Ал Арас Булут Ийнемли менен DeFacto жынсы брендин да жарнамалаган.
ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Актриса берген маектеринин биринде оңой эле сүйүп калаарын моюнуна алган. Анын биринчи жигити актёр Экин Мерт Даймаз болгон болсо, андан кийин актёр Толга Сарыташ менен сүйлөшүп жүргөнү тууралуу кептер айтылган. Мындан сырткары Бурак Деңиз менен сүйүү мамилеси тууралуу да сөздөр айтылганы менен актёр башка актриса Бушре Девелиге үйлөнгөн.
Ал эми 2018-жылы актриса популярдуу аткаруучу Мурат Далкылыч менен сүйлөшө баштаган. 2020-жылы февраль айында бул жуп үйлөнүү тууралуу айтканы менен көп өтпөй эле алардын мамилеси токтогон.
2019-жылы Эрчелдердин үй-бүлөсүндө чоң трагедия орун алган. Актрисанын апасы Айлин Эрчел 49 жашында рак илдетиннен улам көз жумган.
2021-жылы "Менин эшигимди черт" сериалынан кийин, басылмалар актрисанын экрандагы өнөктөшү Керем Бүрсин менен мамилеси тууралуу жазышкан. Бирок 2022-жылы анын түркиялык эң бай үй-бүлөлөрдүн биринин мураскору Хакан Сабанжы менен мамилеси ачыкталган.
Ханде социалдык тармактарда активдүү: анын Instagram, Facebook жана Twitter баракчаларында профилдери бар. Инстаграммдагы катталуучулардын саны боюнча актриса Түркияда алдыңкы орунда турат. Анын катталуучуларынын саны 31 миллиондон ашат.
Бош убактысында саякаттоону жакшы көрөт, ал эми эс алуу үчүн массаж сессияларына барат. Күнүмдүк жашоодо Ханде эң жөнөкөй жана ыңгайлуу кийимдерди кийет, бирок кызыл помада жана ачык макияжды жактырат. Өзүн жакшы формада кармоо үчүн стретчинг жана аэробика менен машыгат.
УЧУРДА
Ханде өз ишин абдан сүйөрүн жана алдыга умтулууну кааларын жана бул үчүн талыкпай эмгектенип жатканын белгилеп келет. Ал кези келгенде чоң драмалык ролдордо экранга чыга алам деп үмүттөнөт.
Ал эми 2023-жылы актрисаны "Такыр башкача" сериалында көрүүгө болот. Эрчелдин тасмадагы өнөктөшү "Сүйүү сөзгө түшүнбөйт" сериалындагы өнөктөшү Бурак Деңиз.
Актрисанын карьерасында мактоо менен сын бирдей жүрөт. Анын сулуулугуна көпчүлүк суктанса, "актриса катары чабал" деген пикирди кармагангандар да кездешет. Бирок ага карабай ал тартылган фильмдердин рейтинги жагынан алдына эч кимди салдырбайт.
Актриса аз убакыттын ичинде 20 килограмм салмак таштоого жетишкен. Бирок аны пластикалык операциянын жардамы менен келбетин өзгөрткөнүн айткандар да бар. Ал эми актриса андай кептерди четке кагып, диетанын жана спорттун жардамында ушундай жыйынтыкка жеткенин белгилеп келет.