Биз социалдык тармакта

Кадамжайда тоого кеткен жаран бутун кокустатып алган. Куткаруучулар аттар менен барышты

Кадамжай районунда тоого барып, бутун кокустатып алган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Кадамжай районунун Эки-Даван жайлоосунда Айдаркен шаарынын 3 тургуну тоого чыгып, алардын бири А.А аттуу 1970-жылы туулган жаран кулап кетип, бутун жабыркатып алган.

Жерине саат 14:02де унаа менен 6 куткаруучу, ат менен аталган взводдон 1 жана №77 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу жөнөп кетишкен.
Саат 16:30да жерине барган куткаруучулар жабыр тарткан жаранга керектүү медициналык жардам көрсөтүп, саат 19:58де Айдаркен шаардык ооруканасына жеткиришкен.
Учурда аталган жарандын абалы жакшы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан