УКМК ЦУМ соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчисин кармады

ЦУМ соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

22-ноябрда “Сити Центр” ЖЧКсынын башкы директору, Кыргыз жараны Ж.З.О. кармалган. Ага кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" (адалдоо) каралган кылмышты жасагандыгы боюнча айып тагылып, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Ошол эле учурда “Сити Центр” ЖЧКсы ЦУМ соода борборунун негизги башкаруучу компаниясы болуп саналат, ал соода борбордогу соода жана кеңсе жайларын ижарага берүү менен алектенет. Учурда мамлекеттик органдарга берилген отчёттук маалыматтардагы бурмалоолорду аныктоо жана республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

Белгилей кетсек, буга чейин 11-ноябрда ЦУМ соода борборунун ээси А.Маметовго (Габбазов) тергөө органдары тарабынан издөө жарыяланган. Мындан тышкары, УКМК тарабынан Камчы Көлбаевге таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан