Балдарга кол салуудан кийин Дублинде башаламандык башталды

Балдарга кол салуудан кийин Ирландиянын Дублин шаарында башаламандык башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Дублинде окуучулар бычакталган маалымат социалдык тармактарга тарагандан кийин жүздөгөн адамдар көчөгө чыгып, полиция менен кагылышкан. Алар полицияга бөтөлкөлөрдү ыргытышып, полициянын унаасын өрттөшкөн.

Тополоңчулар ошондой эле трамвай менен автобусту өрттөп, бир нече дүкөндөрдүн терезелерин талкалашкан. Бир нече полиция кызматкерлери бычакталган.

Бул башаламандыкка Дублинде мектептин жанында окуучулардын бычакталышы себеп болгон. Ошол эле учурда интернетте кол салган адам Алжирден келген мигрант экени тууралуу маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан