"Автобустан чыгарбай өпкүлөп". Москвада кыргызстандык мигрант 15 жаштагы кызга ыдык көрсөткөнгө шектелүүдө

Москва облусундагы Долгопрудный шаарында автобустун айдоочусу болуп иштеген кыргызстандык мигрант 15 жаштагы окуучу кызга ыдык көрсөткөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя 17-ноябрда болгон, бирок кыздын апасы бир жумадан кийин гана полицияга кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, айдоочу кызын 368- автобустан түшүрбөй, өөп, денесин кармалаган.

Полиция кечээ кылмышка шектүүнү кармаган. Ал 33 жаштагы Кыргызстандын жараны болуп чыккан.

Учурда бул боюнча тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан