Англиянын "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунан трансфер ачылганда 13 футболчу кетиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Башкы машыктыруучу Эрик тен Хаг команданы кайра курууну жана тизмени тазалоону улантуу ниетинде. Ар кандай себептерден улам клубдан кетүүгө негизги талапкерлер Жейдон Санчо, Мейсон Гринвуд, Донни ван де Бек жана Антони Марсиаль.
53 жаштагы адистин тушунда чабуулчу Криштиану Роналду жана дарбазачы Давид де Хеа командадан кеткен.
Тен Хаг "Манчестер Юнайтедди" 2022-жылдын июль айынан бери башкарып келет. Анын жетекчилиги астында команда 2022/2023 сезонунда 75 упай менен Англия чемпионатында 3-орунду ээлеген.
Бул сезондо 12 оюндан кийин "Манчестер Юнайтед" 21 упайы менен Премьер-Лигада алтынчы орунда келе жатат.