Баткендин губернатору Алимбаевдин кеңешчиси 200 миң доллар пара менен кармалды (фото)

200 миң доллар опузалап алуу фактысына шектелип президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Кечээ, 23-ноябрда көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А.дан 200 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. кармалган.

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында М.Т.А. А.П.Н. жана А.А.Н. аттуу жарандар менен кылмыштуу бүтүмгө барып, материалдык пайда алуу максатында, рейдерлик жол менен басып алды жана көмүр казууга лицензия алуу үчүн документтерди бурмалады деген арыз менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А.га карата чара көрүү жөнүндө кайрылышканы аныкталган.

М.Т.А. А.П.Н. жана А.А.Н. менен сүйлөшүп алып, кызмат абалынан пайдаланып, ишкердик субъектинин ишмердүүлүгүнө кандайдыр бир тоскоолдук жаратам деп коркутуу менен көмүр казуучу ишкананын директору А.Б.А.дан көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын опузалаганы такталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда иштин жагдайларын жана бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан