Израиль менен Газа тилкесин башкарган ХАМАС кыймылынын ортосундагы төрт күндүк элдешүү бүгүн, 24-ноябрда күчүнө кирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Келишимге ылайык, төрт күн бою эки тарап тең согуштун бардык аракеттерин токтотуп, барымтадагыларды алмашуу жүрөт.
Алмашуунун биринчи партиясы бүгүн кечинде болуп, анда Израилдин 13 жараны өткөрүлүп берилет. Жалпысынан ХАМАС кыймылы 50 туткунду, ал эми Израиль тарап 150 палестиналык туткунду бошотууга тийиш.
Бул аралыкта күн сайын Газа секторуна гуманитардык, медициналык жардам жана отун жүктөлгөн автоунаа колонналары өткөрүлүп турат.
Эске салсак, 2 күн мурун Египет менен Катардын ортомчулугунун аркасында эки тарап макулдашууга жетишкен.