Кыргызстандын кураш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекболот Токтогонов жана Жамалбек Асылбек уулу Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн “World Series Masters” Дүйнө чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, +100 килограммга чейинки салмакта Бекболот Токтогонов күмүш медалга ээ болсо, 90 килограммга чейинки салмакта Жамалбек Асылбек уулу коло медаль тагынды.
Белгилей кетсек, кураш боюнча “World Series Masters” Дүйнө чемпиондугу 22-ноябрь күнү өтүп, жеңүүчөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлык тапшырылды. 1-орунга 10 миң доллар тапшырылса, 2-орунга 5 миң доллар жана 3-орун 1000 доллар акчалай сыйлык ыйгарылды.